www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-мартта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу айтты.
Белгилей кетсек, алгач Түркиянын тышкы иштер министри менен жолугушуу болуп, андан соң Украинанын тышкы иштер министри Д.Кулебанын катышуусунда үч тараптуу сүйлөшүү болду.
Лавровдун айтымында, бул жолугушуу түрк тараптын сунушу менен өттү, президент Режеп Тайып Эрдоган, президент Владимир Путин менен сүйлөшүүсүндө жакында эле ушундай демилге менен чыккан, орус тарап принципиалдуу негизде макул болгон.
Ал азыркы украин кризисинин негизинде болуп жаткан көйгөйлөр жана андан чыгуунун жолдорун иштеп чыгуу менен байланышкан маселелер боюнча ар кандай байланыштарды колдойт.
«Бүгүн биз негизинен түрк досторубуздун демилгеси менен гуманитардык маселелер боюнча сүйлөштүк жана негизинен барымтадагы жарандардын абалын жеңилдетүү үчүн аскерлерибиз жер-жерлерде кандай чараларды көрүп жатканын түшүндүрдүк», - деди ал.
Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген.
Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды.
Ал эми БУУнун маалыматы боюнча согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам чыгып кетти.
Булак: NazarNews.kg