www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандын Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен жерин талибдер көзөмөлдөп жатат. ЖККУ террорчулардын кокустан кирип келүүсүнө даяр болушу керек. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун айтканына таянып, РИА Новости жазды.

"Афганистандын Өзбекстан, Тажикстан менен чек арасы "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө өткөн. Бул биз үчүн маанилүү. Афганистандан буга чейин чыккан коркунучтар ошол эле наркотрафик, террорчулардын биздин мамлекетке Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу кирүү коркунучу азыр азайып кеткен жок", — деген Шойгу.

Министр Тажикстан менен Өзбекстандын куралдуу күчтөрү "Талибан" кыймылынын чек арадан өтпөйбүз деген убадасына карабай чагымчыл иштерге даяр болушу керектигин белгилеген. Ал Тажикстан менен Кыргызстанда Россиянын аскер базалары бар экенин да эске салды.

"Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстандын офицерлери жогорку окуу жайларыбыздан билим алууда. Биз Кыргызстан менен Тажикстандын армиясын модернизациялоо менен алектенип жатабыз", — деди ал.

Белгилей кетсек, Россия Өзбекстан, Тажикстан менен биргеликте Афганистанга жакын аймакта машыгуу өткөрүп, аскердик иш-чара кечээ жыйынтыкталды.

Эскерте кетсек, июнь айынан бери Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

Афганистандагы абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости