www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ШУМДУГУҢ КУР: АКШдагы кыймылдуу таштар

Туристтер Калифорниянын "Өлүмдүн өрөөнү" деп аталган улуттук паркында кагырап калган Рейстрэк-Плайя көлүнүн түбүнөн орун которо алган ондогон таштарды табышкан. Бул чындыгында адаттан тыш таңкаларлык көрүнүш болчу. Салмагы 300 киллограммга чейин жеткен шагыл таштардын 250 метр узундукка чейин жер которуп, артынан из калтырып кетиши Quora сайтынын колдонуучуларынын бири Фархана Ханумду гана эмес, бул тууралуу уккан-билгендердин баарынын кызыгуусун туудурат. Укмуштуу табышмактын артында кандай сыр катылган же бул кимдир бирөөнүн тамашасыбы?

Бул суроого жооп иретинде бир нече теориялар келип түшкөн. Алардын арасында кыймылдуу таштарды башка планета (инопланетяндар) менен байланыштыргандар да бар. Окумуштуулардын башын ооруткан бул табышмактын сырын АКШнын космостук мейкиндикти изилдөө институтунун кызматкери Ральф Лоренц ачыкка чыгарды. Ал шагыл таштардын бир орундан экинчи орунга жер которуусунун моделин түзүп чыкты. Пластикалык идишке эки жарым метр суу куюп, анда анча чоң эмес болгон ташты тоңдурган. Бул тажрыйба аркылуу Лоренц жер которгон таштардын кыймылын түшүндүрүүгө жетишкен. Көрсө, кышында Рейстрэк-Плайя көлүнүн түбүндөгү таштар тоңуп калат экен.

Эгерде муздун жылуу жөндөмдүүлүгүн эске алсак, табышмактуу деп санаган сай ташынын орун которуусун оңой эле түшүндүрүүгө болот. Тоңуп калган таштар ылай көлдүн үстү аркылуу жылып, аркасынан түз сызыктагы же ийри-буйру болгон издерди калтырат. Качан гана аба ырайы жылуу боло баштаганда, муз эрип, суу бууга айланып кетет. Дал ошондо жерден шагыл таштарды жана алардын издерин гана көрүүгө болот. Мындан шагыл таштардын эң көрүнүктүүлөрүн Өлүмдүн өрөөнүнөн гана табууга болот.

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости