www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Курская” станциясындагы полиция кызматкеринин өлүмү кокустуктун курманы. Бул тууралуу кылмышка шектелип жаткан 44 жаштагы Кыргызстандык Нурлан Муратовдун адвокаты Алексей Толстых соттук отурумда билдирди. Ал эми мамлекеттик айыптоо 23 жаштагы полициянын сержанты Андрей Райскийди айыпталуучу метродо документтерин текшерип жатканда өзүнө таандык табелдик курал менен атып салган деп айыптоодо. Нурлан Муратовдун адвокаты болсо кыргызстандык жаран кырдаалдын курманы экендигин айтып, укук коргоо кызматкери куралды туура эмес колдонууда кокусунан өзүнө өзү атып алган деген версияны карманууда.
Эми 44 жаштагы кыргызстандыктын тагдыры соттогу 8 сот арачыларынын колунда. Алар негизги 3 суроого жооп беришши керек. 1. Кылмыш болгондугу аныкпы? 2. Айыпталуучунун күнөөсү далилдендиби? 3. Айыпталуучу күнөөлүбү же жокпу? Бул өтө оор кылмыш, укук коргоо кызматкеринин жашоосуна кол салуу үчүн 12ден 20 жылга же болбосо өмүрүнүн акырына чейин соттолуп кетиши мүмкүн. Соттолуучуну колдоо максатында алыстан анын туугандары дагы келген.
Прокурордун версиясы боюнча 2018-жылдын 2-сентябрында Москва метрополитенин 4-бөлүмүнүн полиция кызматкери саат 23:29дар чамасында “Курская” станциясында документтерин текшерүү үчүн Нурлан Муратовду токтоткон. Укук коргоо кызматкеринин баамында айыпталуучу кызуу абалда болгон. Ошондуктан ал аны даарткана тарапта жайгашкан техникалык бөлмөгө өтүүсүн талап кылган. Прокурордун айтымында бөлмөгө кирген маалда Муратов полиция кызматкеринин тапанчасына ээлик кылып аны атып салган деген версияга токтолгон. Атылган ок башка тийип, кызматкер дароо ордунан жан берген делет. Муратов болсо поездге отуруп из жашырган. Муратовду эртеси, 3-сентябрда метродон жумушуна кетип бара жаткан жеринен кармашкан. Коюлган айыптарды уккан айыпталуучу Муратов кылмышка тиешеси жок экендигин билдирди.
Муратовдун адвокаты Алексей Толстых сот арачыларына кыргызстандык жарандын кылмышка тиешеси жок экендигин билдирди. “Ал болгону кырдаалдын курманы”. Адвокат мурда полицияда кызмат өтөгөн. Ошондуктан, ал сот арачыларына “коллегасын өлтүргөн адамды эч качан коргобойт элем. Бирок мен Муратовдун кылмышка тиешеси жок экендигине 100 пайыз ынангандыгым үчүн аны сотто коргоп жатам”, - деген сөзүн айтты. “Ал күнү Нурлан келинчеги менен коноктон үйүнө кайтып келе жатышкан. Анын документтери аялынын сумкасында калган. Аялы болсо магазинден майда-чүйдө нерсе сатып алуу үчүн башка станциядан түшкөн. Полиция кызматкери Райский аны менен бирге өтүүнү талап кылганда Муратов техникалык бөлмөгө эмес полиция бөлүмүнө баратабыз деп ойлогон. Эмне себептен кызматкер даараткана жана пол жуугучтун бөлмөсү жайгашкан техникалык бөлмөгө алып барган аны эми эч ким билбейт. Балким ал мигрантка болгону “сүйлөшүп” алууну сунуштагысы келгендир”.
Адвокаттын версиясы боюнча Райский Муратовду “Т” тамгасы чегерилген эшиктин алдына тургузуп коюп өзү камералар жайгашпаган туюк коридорго кирип кеткен. Бир нече убакыттан кийин тапанчанын добушу угулуп, дубал канга боелуп калган. Мындай күтүүсүз жагдайдан улам, ал шоктук абалда сыртка чыгып кетүүгө аракет кылган. Ал маалда алдынан пол жууган аял чыгып ага Муратов “тигил жерде ок атылды, тез жардам чакыргыла”, - деп кыйкырып, поездге отуруп кетип калган. Үйгө келээр менен ал окуяны аялы жана бир тууганына айтып берген. Бирок, ал ишенген эмес. Муратовду полиция кызматкерлери кармаган маалда ал кийимин алмаштырган эмес. Окуя болгон күнү кийип жүргөн кийими менен эле кармалгандыгын адвокат Толстых баса белгилеген. Кийимден жана айыпталуучунун денесинен кандын, октун, биологиялык материалдардын изи табылган эмес. Кылмышка далил катары алынган куралда дагы Муратовдун кол издери аныкталган жок.
-Ишти карап, анализдеп чыгып, мен төмөндөгүчө бүтүмгө келдим. Полиция кызматкери Муратовду эшиктин алдына тургузуп коюп өзү камера жайгашпаган жерге барып, куралын октондура баштаган. Андан кийин кокусунан куралдын механизмин басып алып ок чыгарып алган. Ок рекошеттен улам барып өзүнө тийген. Бул иштин жалгыз түшүндүрмөсү ушул”, - дейт кыргызстандык айыпталуучунун адвокаты Толстых.
-Кылмыш болгон жерде кандайдыр бир күрөштүн белгилери болгон эмес. “Муратов кыска бойлуу, арыкчырай адам. Курман болгон кишинин бою узун”. Мындайча айтканда, аял адамдын эле чоң кишиге кол салганындай эле көрсөтүлүп жатат. Нурланга иштеген жеринен жакшы мүнөздөмө беришти. Конфликтке барбаган, ак көңүл дешти. 23 жаштагы полициянын сержанты ал күнү нөөмөттөгү акыркы күнү болчу. Мурдагы деңиз аскеринин жоокери Андрей Райский полициядан кетүү боюнча арызын жазып, бактысын башка чөйрөдөн издөөнү чечкен. Муратов болсо буга чейин күнөөнү мойнуна алып, кат жазып берген. Ал болгону камералаштарынын үстөмдүгүнө дуушар болгон. Алар Муратовго аялы жана бир тууганы коңшу камерада отурат деп коркутуп, үркүтүшкөн. Жада калса Муратов калпты аныктоочу детектрдан өтүүгө даяр экендигин билдирген, бирок. Тергөө ага жол берген жок, - дейт адвокат Алексей Толстых.
Бул кылмыш иши боюнча кийинки соттук отурум 27-январга белгиленген.
Орус тилдүү басылмадан которулду
Булак: NazarNews.kg