www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 24-январда "NazarNews.kg" маалымат агенттиги Казахстандын “Алматы шаарына коронавирус келди” деген видео тараганын жазып чыккан эле. Бул тууралуу социалдык тармактарда жана ММКында кызуу кеп болгон.
Видеодо атайын кызмат коронавирус жукту делген кишини коопсуздук эрежесине туура келген кишини унаадан, учактан медициналык зембилге салып кетишкендигин көрүүгө болот. Такталбаган малымат боюнча “коронавирус менен жабыркаган киши Кытайдын вирустун очогу делген Ухань шаарынан Алматыга келген. Бирок Казахстан расмий түрдө бул тууралуу маалымат бере электигин айткан элек.
Бул тууралуу Tengrinews.kz окуу-үйрөнүү машыгуусун өткөрүлгөндүгүн маалымдады. Tengrinews.kz окуу-үйрөнүү машыгуусун Казахстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Кызмат жана товарлардын коопсуздугу жана сапатты көзөмөлдөө комитетине шилтеме берип маалымдады.
Ал эми “коронавирус Алматыга келди” деген маалымат чындыкка дал келбесин айтып, айрым кишилер окуу-үйрөнүү машыгуусун чындык катары кабылдабашы керектигин эскертебиз.
Аталган мекемелер окуу-үйрөнүү машыгуусун вирус менен жабыркаган кишини тосуп алып, аны атайын карантиндик замбилге салып алып кетүүнү жана бейтап келген учакты, автоунааны атайын суюктук менен зыянсыздандыруу ж. б. у. с. көнүгүүлөрдү көрсөткөн.
Булак:NazarNews.kg