www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер тышкы кийлигишүү аракеттерине биргелешип каршы турууга тийиш. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 4-июлда Астанада өтүп жаткан саммитте билдирди.

«Биз сырткы кийлигишүүгө кол кармашып туруштук берип, бири-бирибизге күчтүү колдоо көрсөтүшүбүз керек», - деди ал.

Си ошондой эле тышкы кийлигишүү жана бытырандылык сыяктуу чакырыктарга каршы күчтөрдү бириктирүү аркылуу тилектештик көрсөтүү зарылдыгын айтты.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы ШКУ тарыхтын жана адилеттүүлүктүн оң тарабында турганын баса белгиледи. Уюм тынчтык үчүн абдан маанилүү, деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Казакстандын Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Иш-чарага Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, Түркия ж. б. мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости