www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириянын Идлиб провинциясында орус авиациясынын соккуларынан кеминде он жай тургун мерт болду. Бул тууралуу Anadolu агенттиги «Ак каскачандар» уюмуна таянып, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 30-январга караган түнү Эриха шаарындагы бир нече объектиге абадан сокку урулган. Анын ичинде оорукана, набайкана да бар.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул билдирүүлөрдү четке кагып, аны маалыматтык чагым деп атады.

Эриха Идлиб провинциясынын административдик борбору менен Маарат-эн-Нууман шаарынын ортосунда жайгашкан. Сириянын өкмөттүк күчтөрү куралдуу оппозициянын көзөмөлүндө турган бул аймактагы райондорго декабрдан тарта чабуул жасай баштаган.

Буга чейин Асаддын армиясына колдоо көрсөтүп жаткан Орусия Идлибдеги аба соккуларына катышы бар экенин четке каккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости