www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов менен Мадумаров биригеби?

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясатчылар арасында интрига күч алууда. Айрым партиялар башка партиялар менен биригүү пландарынын үстүндө иштеп, лидерлер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Учурда түштүк аймагынан таасирдүү орунду ээлеп турган саясатчы Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого аттанаарын билдирди.

Ачыгын айтканда, Мадумаровдун партиясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо, андан кийин 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо бир топ добушка ээ болгон. Айрым маалыматтар боюнча, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы "Ата-Мекен" партиясынын ордуна Жогорку Кеңешке келмек экен. Бул жагы өзүнчө бир чоң саясат болуп кеткендир. Эми бул шайлоодо Мадумаров катуу ойлонуп, туура багытты тандабаса, баягы таз кейпине түшүп калышы ажеп эмес.

Угушубузга караганда Өмүрбек Бабанов менен жолугушуу болот экен жакын арада. Мындан улам, "Бүтүн Кыргызстан" менен "Республика" партиясы парламенттик шайлоого чогуу аттанып калышы мүмкүн экени каңкууланууда.

Булак: “Ачык саясат плюс”

Последние новости