www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызынын себин алып кетип калган эне жоопко тартылды

Он жыл мурун турмушка чыккан кызынын  себин кудасынын үйүн талкалап, алып кетип калган эне жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка таянсак, окуя 2019-жылдын сентябрь айында Ош облусунда болгон. Анда 50 жаштагы аял жолдошу менен барып мурдагы кудасынын үйүнүн кулпусун талкалап кирип, он жыл мурун турмушка чыккан кызына берген себин алып кетип калган.

Сот отурумунда 55 жаштагы жабырлануучу, мурдагы келининин энеси көптөн бери сандык, төшөнчүлөрдү талап кылып келгендигин айткан.

"Келиним уулумду чанып кетип калгандыктан ачуум келип анын оокаттарын бербей койгом. Кудагыйым аны көптөн бери сурап жүргөн. Кылмыш болгон күнү алар 5-6 адам болуп келип кулпуну талкалап, үйгө кирип 110 миң сомдук буюмдарды көтөрүп кетип калган. Кийин төшөк, килемдерди кайтарып берди", — деп көрсөтмө берген.

Фемида өкүлдөрү ишти карап чыгып, кылмышка шектүү жаранга 40 миң сом айып салып, 400 сомго кулпу алып берүүгө милдеттендирди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости