www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ушуга байланыштуу, мен Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Артисбековичтен жана Премьер-министр Мухаммедкалый Дүйшекеевичтен „Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө“ жана „Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө“ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууга контролдук кылууну өтүнөм. Укук коргоо жана прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата чектөөлөрдү жана тыюу салууларды камтыган толуктоолорду киргизүү — принципиалдуу мааниге ээ», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.
Ал айрым жетекчилер Коопсуздук кеңешине маалыматты жөнөтүп жатып, эмнеге кол коюп жатканын да окушпаганын, Финансы полициясы өзүнүн маалыматында, Жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарга түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө мораторий бар экенин жазганына көңүл бурду.
«Негиз катары — Өкмөттүн 2018-жылдагы токтомуна шилтеме кылат. Бул токтом 2019-жылдын апрель айында эле өзүнүн күчүн жоготкон. Сегиз ай мурда. Маалыматта „Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө“ Мыйзам Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өтүп жатканы айтылат. Бул Мыйзам кабыл алынып, 2020-жылдын башынан күчүнө кирди. Резонанстуу иштер боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын туруктуу негизде жарыялап туруу — Коопсуздук кеңештин чечими менен укук коргоо органдарына сунушталган. Ички иштер министрлиги жана улуттук коопсуздук органдары бул маалыматтарды жарыялап, тиешелүү маалыматтарды берип жатат. Ал эми Финансы полициясы мындай иликтөөлөр боюнча маалымат — кызматтык мүнөздө экендигин шылтоо кылып, маалымат беришпейт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Булак: NazarNews.kg