www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияны тизгиндөө жаатында жылыш бар

Эл аралык өкмөттүк эмес «Transparency International» уюму жылдык изилдөөсүн жарыялады. Ага ылайык, коррупция индекси боюнча Кыргызстан 6 тепкичке көтөрүлдү. Тагыраагы, коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты.

Былтыр өлкө 132-орунда болчу. Аталган уюм дүйнө өлкөлөрүндөгү мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлине баа берет. Өлкө канчалык көп балл алса, эксперттер менен ишкерлер коррупциялык кырдаалды ошончолук оң баалашат.

Кыргызстан бул ирет 100 баллдык системада 30 упай алган. Уюмдун маалыматына караганда, Чыгыш Европада жана Борбор Азияда мамлекеттик каражат шайлоодо кыянат пайдаланылат, саясий партиялардын булактары бүдөмүк, көп учурда кызыкчылыктар кагылышына жол берилет. Мурдагы советтик республикалардан Украина Кыргызстан менен бир сапта.

Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Кыргызстандан төмөнкү орундарды ээлешти. Рейтингдин сап башында 87 упай менен Дания жана Жаңы Зеландия жайгашкан. Эң начар көрсөткүч Сомали, Түштүк Судан жана Сирияныкы болуп чыкты.

Булак: “De-facto”

Последние новости