www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Запаска бошотуу, жазгы аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу улантылат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө” 2020-жылдын 18-февралындагы  Жарлыгынын колдонулушун кайрадан жаңыртуу тууралуу” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, запаска бошотуу жана жазгы аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу улантылат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости