www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурда соттолуп, бирок андан толук кутулгандарга депутаттык креслого ат салышууга жол берилиши мүмкүн. Мындай шарт менен “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” мыйзамына толуктоолорду киргизүүгө сунуштар түшүүдө.
Мындан мурдараак “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, мыйзам чыгаруучу жогорку органдарга мурда соттолбогон, мыйзам жагынан көйгөйү жок жарандар катыша аларын билдирген.
Бирок, көпчүлүк депутаттарды бул ынандырган жок. Алардын ою боюнча, кимдир бирөөнүн тандалуу укугун чектөөгө болбойт. Эгер, талапкер сот аркылуу соттолгондугун жоё алса, анда ал ЖК мандатына ат салышууга укуктуу. Бир гана кечирим менен камактан бошотулгандар жана амнистияга тушуккандар гана талапкер боло албайт.
Белгилей кетсек, ушу тапта парламентте шайлоо мыйзамдарына толуктоолорду киргизишүүдө. Кезектеги парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын күзүндө өтөт.
Булак:NazarNews.kg