www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери, учурда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев Аида Салянованын камакка алынышы боюнча өз оюн билдирди. Анда Текебаев “Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, башкы прокурорду кылмыш жообуна тартууга парламент гана уруксат берет. Ал эми судьяларды кылмыш жообуна тартыш үчүн Соттор кеңешинин макулдугун алуу зарыл. Баарыбызга белгилүү, Аида Салянова башкы прокурор болуп турган кездеги иши үчүн айыпталып жатат. Демек, Конституциялык палатанын, Жогорку соттун чечимдерине ылайык, аны кылмыш жообуна тартыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу сөзсүз алынышы керек.

Ансыз Аида Саляновага жасалган аракеттердин баары мыйзамсыз. Ал аракеттерди жүргүзгөн адамдар мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш» – деп эсептейт. Муну менен бирге Текебаев айрым кесипкөй кадрлардын жетишсиздигин айтып азыркы тергөөчүлөр Конституциянын эрежелерин түшүнбөй турганын кошумчалаган. Аида Саляновага карата мыйзамсыз, Конституцияга каршы келген иш-аракеттерди Жогорку Кеңеш териштирип чыгат деп ишенерин билдирген.

Булак: «Факты.kg»

Последние новости