www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун аймагындагы мыйзамсыз көчө автожарышын уюштургандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус тургундары менен жергиликтүү бийлик органдарынан келип түшкөн көптөгөн даттанууларга байланыштуу унаабейбаштык менен алектенген топтун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлду.

Аталган топ ири суммадагы акча ойнотулган мыйзамсыз көчө жарышын системалуу түрдө өткөрүп келишкен. Унаабейбаштар коомдук тартипти жана жарандардын бейпилдигин одоно бузуп, жол кыймылына коркунуч туудурган көп сандаган өзгөчө кырдаалдарды жаратып, бир нече ирет жол кырсыктары катталган. Мына ушундай жарыштардын биринин кесепетинин айынан бир кырсык катталган-Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосу бузулган. 

Натыйжада, 2-июнда Сузак районунун аймагында дагы бир жолу мыйзамсыз унаажарыш өткөрүү аракети токтотулуп, 34 адамдан турган топ жана 16 унаа кармалган.

"Унаатранспорт каражаттарын текшерүүдө жасалма мамлекеттик номурлар аныкталып, айнекти мыйзамсыз караңгылатуу фактылары катталып, унаажарыштын айрым катышуучулары медициналык кароодон өткөндө алкоголдук ичимдиктерди ичүү фактылары аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бардык унаалар Жалал-Абад облусунун ИИБинин айыптоочу жайына жайгаштырылып, мыйзамсыз жарыштын катышуучуларына тиешелүү профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, административдик айып салынган. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости