www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ -

Кечээ, 17-апрелде А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң сахнасында 20 жылдан ашык убакыттан кийин "Ак-Мөөр" опера-дастаны кайрадан жаңыртылып коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ага КР президентинин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, өкмөт мүчөлөрү жана жалпы коомчулук катышты.

Опера-дастандын дирижёр- коюучусу КР эл артисти Жумакадыр Каныметов, койгон режиссёр КР эмгек сиңирген артисти Искендер Сартбаев, койгон сүрөтчү КР эл артисти Маратбек Шарафидинов, балетмейстер - коюучу Тилек Кийизбаев, хормейстер – КР эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев. Либреттосун жазган КР эл акыны Акбар Рыскулов.

Аталган операны кайрадан калыптандырууда формалар жаңыртылып, чыгармачыл курам дагы өзгөртүлдү.

“Ак- Мөөрдүн” ролунда эл аралык сынактардын лауреаты Айзирек Момунова, “Болоттун” ролунда – КР эмгек сиңирген артисти Тилек Найманбаев, “Жантай- Хандын” ролунда – КР эмгек сиңирген артисти Кайымбек Кускаков, “Күлүйпанын” ролунда - КР эмгек сиңирген артисти Гүлнур Ниязбаева, “Ажалдын” ролунда – Салиа Маматова, “Бугу-Эне” – Бактыгүл Бокоева, “жарчы” – Мурат Дербишалиев, “Жаштык”- Анипа Ибраевалар аткарышты. Опера–дастан 2 көшөгөлүү жана музыкалык драма стилинде коюлуп, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алды.

Министр Кайрат Иманалиев соңунда чыгармачыл жамаатка опера-дастанды жогорку деңгээлде эл алдына алып чыккандыгын өзгөчө белгилеп, жалпы жамаатка ыраазычылык айтып, бул опера театрдын мыкты репертуары катары толукталганын кошумчалады.

Эске салсак, аталган операнын алгачкы жолу кыргыз сахнасында мындан 20 жыл мурун КР эл артисти Керим Турапов - Болоттун ролун, ал эми Ак-Мөөрдүн ролун КР эл артисти Эсенбүбү Нурманбетова аткарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости