www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын-ала билген, бир нече жолу Кой-Таштагы окуяны жана Атамбаев камала тургандыгын айткан айтымчы Света Тойгонбаева NazarNews.kg маалымат агенттигине байланышка чыгып, КР Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

--Урматтуу КР Президенти Сооронбай Шарипович, Кудай колдоп такка келип олтурдуңуз, кыргызга кызмат кылам деген инсансыз. Мындан кийин дагы элдин ишенимин актап, ички сезимдериңизге кылдаттык менен мамиле кылып туруп, кыргыз элине пайда алып келишиңизди суранамын. Кеңешчилериңизге кыраакылык менен мамиле кылыңыз, мурдагы президенттердей болуп алданып калбаңыз. Баардык ишиңизде өзүңүзгө бекем болуп, “жүрөгүңүздү” гана угуңуз. Кошоматчылар Сиздин дагы тагдырыңызга ойношуп койсо, абалыңыз Атамбаевдин тагдырынан дагы жаман болот. Жаныңызга кошоматтын коюн сойгон, калп эле жагалданган инсандарды эмес, кыргыз элин ойлогон, ачуу чындыкты айткан акылдуу, иштин көзүн, сөздүн баркын билген инсандарды топтоңуз. Сак болуңуз. Мага түшкөн аян боюнча айтсам, мамлекет тарабынан 7 облуска түлөө өткөрүшүңүз керек...

--Президент “7 облуска түлөө өткөрөм” деп чуркап жүрсө туура элеби? Чымындан пил жасаган айрымдар шылдыңга алса керек!

--Кудайдын урматына, элдин тынчтыгына жасалган түлөөнү, эч ким эч качан шылдың кыла албайт. Шылдың кылган адамдын келечеги жакшылык менен бүтпөйт.  Өзү чуркабаса дагы салымын кошот... Албетте, Кыргызстандын баардык 7 облусунда чоң түлөө өтүшү зарыл. Биринчи Талас облусундагы Манас Ордододон баштап түшкөн аян боюнча 3 жылкы союп кан чыгарса жакшы болот эле. Кыргызстандан кут качты, элден, береке менен ынтымак кетти, кырсык каптады. Ошондуктан кыргызстандыктар өлкөнүн баардык бурчунда түлөө өткөрүш керек. Кыргызстандын келечегин сактап калабыз десек, ушундай түлөөлөрдү өткөрүп, барына топук кылсак.

Айткандарым кыргыз элине болгон салымым болсун, ким кандай ойлосо дагы кыргыз эли ушул аяндарды аткарсак, Кыргызстан жакшы ийгиликке жетип, кырсык азайып, келе жаткан жамандыктардын алды тосулат. Илгертеден эле кыргыздар түлөө өткөрүп жакшылык-жамандыкты кан менен чыгарып келген.

--Сиз айткан түлөөнү кимдер өткөрүш керек?

--Албетте бийлик өткөрсө дагы жакшы болот. Биринчиден ишеним болуш керек. Түлөө өткөрүүнүн уяты жок. Ансыз деле көпчүлүк түлөө дегендин маанисин түшүнөт. Бүл көрүнүштөн жамандык же саясат издеп кереги жок. Дагы кайталап айтам, түз өткөрүлгөн түлөөдөн ким жамандык издесе ал өз баштарына эле зыян болот. Түлөө өткөрөм десе, кыргызга жан-дилин берген патриот жигиттер бар, алар четтен чыгат. Негизи мамлекет өзү кылса жакшы болот эле. Анткени бул мамлекеттин иши. Түлөө өткөргөнгө мамлекет тарабынан дагы жалпы кыргыз эли, элибиздин келечеги үчүн колдоо кылышса. 

--Президенттин ишенген “вазирлери” барбы же кайра эле Сүмбүлдөр жыйналып алдыбы?

--Мага түшкөн аян боюнча 16-17 деген санды көрсөтүп жатат. Президенттин кеңешчилерине айтаарым президентке туура маалыматты жеткирсин. Айрымдары ары-бери ойношуп жатат. Алардан суранаарым президентке туура маалымат жеткиргиле, элдин жана мамлекеттин келечиги менен кызыкчылыгын ойлогула.

--Кыргыз эли ыркка келеби?

--Кыргыз элим касиеттүү калк. Алар бири-бири менен ынтымактуу болгонго бийликтегилерге караганда бат тил табышат.  Ар бир кыргыздын күчтүү касиети бар. Биз ийгиликке жетебиз десек, ынтымактуу гана болушубуз керек, элибиздин чачырап кетишин көп чет өлкөлүк “лөктөр” аңдып турат. Ата-бабабыз таштап кеткен куттуу жерибизди сактап калбасак болбойт. Кыргыз элинин ансыз деле казаны көңтөрүлүп, куту качып турганда ынтымакка келсек. Жалпы кыргыз элимде суранарым ынтымакка келип, 7 дубанга түлөө өткөрөлү!

--Рахмат!

Маек айтымчы Света Тойгонбаева менен болду. Айтылган кызыктардын уландысы мурдагы президент Атамбаев коомчулукка жем таштап кеткен Райым Матраимов тууралуу болот...

Света Тойгонбаеванын байланыш телефону:  0776 21 00 00

Нуриза Молдошева, NazarNews.kg

Последние новости