www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Усубалиевдин учурунда Соң-Көлдүн суусу соолуп кала жаздап, аз жерден калган дейт?

-Ш.Рашидов ал убакта саясый бюрого кандидат, Кунаев мүчө болчу. Рашидов саясый бюродо: “суу жок, пахта өлүп жатат не кылабыз?

Соң-Көлдөн суу бурдуралы”, - деген маселе көтөрүп чыгат. Секретариаттан: “биз толук чече албайбыз, Брежнев гана билет” - деп, алар: “Соң-Көлдү Нарынга кошуп, ошонун эсебинен 3 куб метр суу алынат” - деген чечимди республикага жиберип салган экен. Бирок, ошол эле убакта Усубалиев да ал чечимге каршы кат жазып, өзү Черненкого, Брежневге кирип бул маселени жапкан. Ал киши бир кадам жерди сатып же бердирген да жок. Союздун чечими менен “мына бүгүн алып кетет” деген жерлерди (Чаткалды, Соң - Көлдү ж.б.) тырышып кармашып, улам кат жазып отуруп, сактап калган.

Себеби, ошол 1973-78-жылдарда кургакчылыктын азабынан малга дарактарды бутап берип калган учур болгон. Бир жолу Орусияда Ярослав облусундагы түзүлгөн “Кыргызстан” совхозуна кетип баратсам, Усубалиев мага чалып: “Эртең М. Горбачев келет экен, барып жасалган иштер боюнча маалымат бериңиз”, - деп айтып калды.

Ал облуска жардам катары мектеп салып жатканбыз. Бала-бакча, спорт аянтчасын салып белек кылганбыз. 5 миң га жерге түтүктөрдү салдык. Т.Усубалиевич мага “ошол боюнча отчёт бериңиз” - деди. Эртеси бардым, Горбачев келди. “Сүттүн көлөмү совхоз боюнча 2000 миң литр болду” - деп отчёт беришкенде Горбачёв дароо себебин сурады. Беркилер, “чөп жок” деген шылтоону айтышты эле, ал киши дароо ордунан ыргып туруп, бизди мисал кылды: “мына Кыргызстанда чөп жок, даракты бутап малга берип көрсөткөн жыйынтыгы кандай, силерде чөп белден буралат көосөткүчүңөр бу…”, - деп урушканы али эсимде.

-Усубалиев болбогондо Соң-Көлдөн айрылып, Нарын тарап какырап калмак экен да?

-Эми, кийин бир аз толмок дечи бирок, “берилди” деген аты жаман. Экинчиден, суу бериле турган болсо, 30-40% алмак. Канча ачышса, ошончо суу кетмек. Анын тегерегиндеги көккө да таасири тиймек. Бир алгандан кийин дагы “бер” дешмек. Ошону менен Соң-Көл суу сактагыч болуп калмак. Ошондуктан Усубалиев, “суу берилет турган болсо жаратылышка зыян келет, экология өлөт, андай болбойт” - деп кат жазып чуркап, муну токтоткону эң туура болгон. Чаткалда деле ушундай кырдаал жаралган. Рашидовдун “Огни Чаткала” деген китеби чыккан.

Анда жазылгандай, анын планы боюнча ошол жерге станция куруп, платинасы биздин аймакта салышмак. Анын суусу Курутегерекке каптап жетмек. Эгер буга жол берсек, азыркы рай борбордон, Чаткалдан эчтеке калмак эмес. Баалуу жерлеринен айрылмакпыз. Кооз, жашыл бетеге жерлери ашуудан өткөндөн кийин жакшы өздөштүрүлгөнү 5 км эле жер. Ашуудан түшкөндө Өзбекстантанга кетип баратканда кеңейет да, анан керемет жаратылыш суунун астында калмак. Уландысы бар…

Нурайым Рысмамбетова

Булак: Багыт.kg

Последние новости