www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги саясат таануучу Табылды Акеров менен коомчулуктун көңүл борборуна айланган Шадиевдин интернеттеги билдирүүсү боюнча сүйлөштүк.

-Табылды мырза, интернетте Шадиевдин атынан билдирүү тарап, мандатынан  ажыратуу одоно мыйзам бузуу болгонун  айтыптыр. Ошондой эле Шадиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши да негизсиз экенин, анын кылмыш иши саясатташканын билдириптир. Ал билдирүүнү өзү жазган деп ишенсек болобу?

-А. Шадиевдин ордуна эч ким арыз жазбайт да. Ал өзү арыз жазып бергенден кийин, ошонун негизинде фракция чечим кабыл алып, анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясына жиберип, анан ал мандатынан ажыратылды да. Тартип ошондой да. Бирок, А. Шадиев менин эч күнөөм жок, үй бүлөм үчүн өлкөнү таштап, качып чыктым деп жаткандагынын өзү эле көп нерсени каңкуулап жатат. Себеби, Аскарбек  Шадиев ага кылмыш иши ачылганын билип калып, өлкөдөн качып чыккан. Ал өзү да качууга туура кеегенин айтып жатат. УМКК ал Кыргызстандан Таджикстанга мыйзамсыз чыгып кеткендигин айтып, ал камалаарын алдын ала билип, чек арадан тымызын чыгып кеткендей болуп жатпайбы.

Башкача айтканда,  ал кимдир бирөөлөр аркылуу өзүнүн тегерегиндеги абалды билип алган. Ошого тымызын өлкөдөн чыгып кеткен. Ал үчүн ал атайы Баткенге барып, анан Тажикстанга өтүп кетти. Кыязы, Бишкектен жакшынакай эле аэропроттон же чек ара бекеттеринен өтүп кетсе, кармап калат деп корксо керек. Негизи  Аскарбек Шадиев бул акчаларды эбак эле төлөп коюга мүмкүнчүлүгү да, кудурети да жетчү да. Бирок, ал антпей, качып кетип жапайбы. Чек араны мыйзамсыз өтүп, ал дагы бир кылмышка кабылып калды. Албетте, эми ага өтө эле оор болуп калды. Кыргызстанга келе албайт. Келсе эле, чек араны мыйзамсыз өткөнсүң деп, аны кармап, камап коюшу мүмкүн. Ошон үчүн  “мен Кыргызстанга кайтпайм” деп жатат. Себеби, ал камалаарын билет. Чек араны бузуп өтүү бул чоң кылмыш да. Бирок, ага карабай ал ошого барганы, бул иште бир мандем бар экендигин көрсөтүп жатат. Менимче, саясатчылардын кайсы бир тобу азыркы бийликти жаман аттуу кылуу учун аракеттенип, кара пиар менен алектенип жатат. Ошондуктан, алар Шадиевдин арызын пайдаланып, азыркы бийликти жаман аттуу кылууга аракет жасап жатышат. Шадиев алардын айтканына көнүп, өзүнүн мурдагы арызына каршы билдирүү жасап жаткандай. Болбосо, Шадиевдей бир нече жолу ЖКга депутат болгон саясатчы өзүнө карама-каршы келген билдирүү жасабайт эле.

-Эгер Шадиев катты өзү жазган болсо, анын партиялаштары аны менен макулдашпай эле Шадиев өз макулдугу менен мандаттан баш тартты деген маалымат таркатыштыбы?

 -Аскарбек Шадиев өзү жазып бербесе, анын ордуна эч ким арыз жазбайт. Арыз жазса, кылмыш болуп калат. Алтынбек  Сулайманова Аскарбек  Шадиев жалган билдирүү таратты деп айтып жатпайбы.

-Аскарбек Шадиев өзүнүн банктык эсептеги каражатын меники эмес деп билдирген. Анда ал акчалар, байлыктар кимдики болшуш мүмкүн?

-Эгер ал эсептер Шадиевдики эмес болсо, анда аны такташат. Эч кимкиди болуп чыкса, анда улутташтырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости