www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тараздын тургуну сүйгөн кызы, 3 баланын энесин 19 жолу бычак сайып өлтүргөн. Бул кылмыштын бети 8 жылдан кийин ачылып олтурат деп билдирет Nur.kz. Сүйгөнүн өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн Асылбек Таразга качып кеткен. Асылбектин айтуусунда окуя төмөнкүчө башталган.
Казакстандын Тараз шаарынан 2010-жылы 23 жаштагы Асылбек сүйгөн кызына Алматы шаарына келген. Ал менен 3 ай бирге жашап калгандан кийин, ал сүйгөн кызына үйлөнүү тууралуу сунушун киргизет. Асылбектин сунушун сүйгөн кызы четке кагат. Анткени анын ошол учурда 3 баласы болгон. Ызасына чыдабаган Асылбек ошол күндөрү алкоголдук ичимдиктерди ичип туулган жерине кетип жатканын айтып сүйгөн кызын чакырат. Ал эч нерсе оюнда жок Асылбекти узатканы поезд жолдун боюна келет. Ошол жерден ал кызга 19 жолу бычак сайып артын карабастан окуя болгон жерден изин суутуп поездге олтуруп кетип калган. Кыз алган жаракатынан ошол жерде жан берген.
Полиция кызматкерлери кылмышкерди таппай калган. Асылбек бодуп өткөн окуяны унуталбай ичимдикке берилип кетет. "Кан коё бербейт"- деп жөн жерден айтылбаса керек, себеби, мас болуп жүргөн күндөрдүн биринде ал эки бутун тең суукка алдырып алат. Ак халатчандар анын эки бутун кесип салат. Ошол окуядан кийин Асылбек өзү укук коргоо органдарына күнөөсүн толук моюнуна алып, кылган иштерин айтып берген. Учурда ал 8 жылга эркинен ажырап түрмөдөгү мөөнөтү катаал калониялардын биринде өтүүдө.
Булак: NazarNews.kg