www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТАГДЫР:

Өкүнүп, тилимди тиштеп отурам. Азыр жашым 40тан ашты. Бирок дагы эле жалгыз боймун. Карьера, жумуш деп жүрүп үй-бүлөнү, жеке жашоомду экинчи орунга чыгарып коюптурмун. Азабын эми тартып, эмне кылышты билбей калдым.

Кесибим боюнча дарыгермин. Медициналык окуу жайда билим алып жүргөндө чоогуу окуган курсташ бала менен сүйлөшчүмүн. Окууну аяктап, бүтүрүү кечеси күнү ал бала гүл берип колумду сурады. Бирок ал убакта эс-дартым карьера жасоо, иштөө болчу. Мындан улам ал баланын көпчүлүктүн көзүнчө шагын сындырып, гүлүн да албай "тие албайм" деп баш тартып койгом. Мени түшүнө албай дал болуп, жалынып-жалбарды, ыйлады, анан намысына келди окшойт, көп сөздөрдү айтты. "Өмүр бою күйөөгө тийбей кал" дегенге чейин барды. Жакшы көрчү эмесминби, же иштейм деген каалоом ушунча күч беле, айтор, мага анын сөздөрү анча таасир берген жок. Кетип калдым.

Кийин курсташым ошол жердеги эле кыздардын бирине үйлөнүп алганын уктум. Сары, толмочунан келген кыз болчу. Кейиген деле жокмун. Кийин башка балдар деле артыман ээрчип, колумду сурады, макул болгон эмесмин. Анткени оюмдун баары иш эле.

Карьерамды түптөдүм, үй алдым. Өзүмдүн иш бөлмөм болсо, ири компанияда иштеген кесипкөй дарыгер болсом деген тилектин баарына жеттим. Бирок үй-бүлөнү, күйөөнү эмнегедир тилебептирмин. "Кайда качмак эле" деп жүрүп, убакыт, өмүр кантип өтүп кеткенин аңдабай калдым. Анын үстүнө курсташтар аябай ынтымактуу болчубуз, азыркыга чейин деле катышабыз. Мени менен чогуу окуп бүткөн кыздардын турмушка чыгып, балалуу болуп иштей албай, жаш аялметтери өп-чап турмушта жашап кыйналып жатканын көрчүмүн. Балдарыбыз үй-бүлөсүн багам деп эки-үч жумушта иштеп, бутун кененирээк сунуп жата албаганына далай күбө болгом. Мага андай жашоонун кереги жок эле ал кезде. Бутума туруп, эч нерседен кыйналбай жашагым келчү.

Бир күнү баягы курсташым чогуу окуган группалаш, курсташтардын баарын айылга үйүнө конокко чакырды. Мен да бардым. Коноктоп, сый көрүп аябай жакшы отурдук. Ал үй-бүлө айылдын кадыр-барктуу адамдары экенин бир көрүп эле байкадым. Төрт уулу бар экенин билчүмүн, биринен бири өтүп бой тартып, ата-энесинин көзүн карап турушат экен. Ушул жерден жүрөгүмдү бир нерсе өйүп өттү. Жаштыгыбызды эскерип ичтик, жедик, ырдадык, бийледик. Кыз деп мени аябай сыйлашты.

Бир убакта курсташым экөөбүз өзүнчө калып калдык. Аркы-беркини сүйлөшүп отуруп: "Дагы эле турмушка чыкпай жүрөсүңбү, креслоң менен диваның сага күйөө болуп берип атабы?", - деп чучукка тийген сөздөрдү айтты.

Араң турган жаным таң атканча ыйлап чыктым. Эртеси эч кимге айтпай жолго чыгып кеттим. Үйгө келип күчүмдүн баарын ыйдан чыгардым. Ыйлаганымды көрүп апамдын жүрөгү сезди окшойт, "жалгыз жүрбөй жок дегенде бала багып албайсыңбы" деп калды. Анысына көндүм. Сураштырып, караштырсам ылайыктуу бала жок. Ошентип жүрсөм кичүү келиним дагы боюна болуп калганын айтты. Төрт баласы бар болчу. Кичүүсү эки жашка чыга элек. Анан өзү "алдырсамбы" дегенсип калганынан "мага төрөп бер" дедим.

Ошол убакта эмнегедир иним менен акылдашып, эсептешкен эмеспиз. Келинимдин ай-күнүнө жетип төрөдү. Аябай даярданып, үйгө балага керектүү нерсенин баарын алып койгом. Төрөт үйүнө барсам иним: "Эжеке, баланы сизге бере албайм. Эмне себептен мага айтпай келиниң экөөң чечип койдуңар эле? Сиз кантип бала багасыз? Анын үстүнө туугандын баласы сизге бала болуп бербейт. Азыр билинбесе да кийин кедергиси тиет. Сый бололу. Баланы башка жактан багып алыңыз", - деди. Шагымдын сынганын айтпаңыз, жер астын-үстүн болуп кетти...

Ошентип багы жокко дагы жок болуп шаабайым сууп отуруп калдым. Жашым өттү, эми кимге турмушка чыкмак элем. Чыксам деле төрөй албайм да. Эмне кылышты билбей башым маң. Жаштык кылып, апамдын айтканын укпай "жумуш" деп жүрүп, ишимен башка эч нерсем жок. Көрсө, үй-бүлө, бала биринчи кезекте турушу керек экен. Эмне кылам?...

(Facebook социалдык тармагынан алынды)

Последние новости