www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылы 7-8-августта болгон Кой-Таш айылындагы окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш иштин фигуранттарынын үй мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Камакка алынган мүлктүн тизмеси жарыяланган жок.
Мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева 30-декабрдагы соттун чечими боюнча анын батири, ЖК депутаты Ирина Карамушкинанын үйү камакка алынганын айтты. Ошондой эле, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков менен Мээрбек Мискенбаевдин туугандарынын мүлкү дагы камакка алынган. Депутат Асел Кодуранованын мүлкү камакка алынган-алынбаганы азырынча белгисиз. Жолдубаевнын айтымында, бул маселе боюнча Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмүнө өтүнүч арызын жолдошту.
Белгилей кетсек, Жолдубаева, Карамушкина жана Кодуранова үй камагында, ал эми Мискенбаев менен Жээнбеков тергөө абагында жатат. Алар адамдарды барымтага алууга, массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталууда.
Булак: NazarNews.kg