www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Боливар”(Боливия) футбол клубунун жаш күйөрманы жарым коргоочу Хуанми Кальехонду ыйлатты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Ушул жуманын башында испаниялык жарым когоочу боливиялык эң күчтүү командаларынын биринде акыркы оюунун ойноду. “Роял Пари” командасына каршы оюун 2:2 эсеп менен аяктады. Анда Кальехон биринчи голду киргизди.

Оюндан кийин футболчунун алдында жаш фанат тизелеп, аны командада калуусун суранды. Жаш фанат да, футболчу да ыйлап жиберди. Кальехон өзүнүн футболкасын балага белекке берип, ыйлаган бойдон кийим алмаштыруучу бөлмөгө кетип калды.

Испаниялык жигит “Боливар” командасында 5 жыл бою ойногон. Ал жергиликтүү күйөрмандарына кумир болууга да жетишти. Жакында эле социалдык тармактардан клубдан кетип жатканын билдирген.

“Үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу бул чечимге келдим. Ар бир этаб аягына келет. Бул акыркы коштошуу эмес, мүмкүн биз кайра көрүшөбүз”,-деп футболчу жазган.

Бул сезондо Хуанми Кальехон 35 гол киригизип, чемпионаттын мыкты бомбардирлеринин бири болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости