www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев бийликти алмаштыруу максатында 2012-жылдын 3-октябрында Ак үйдүн тосмосунан секирүүгө далалат кылган. Бул аракети үчүн Ташиевдердин үстүнөн кылмыш иши козголуп, Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов үчөө  сегиз ай “параша” жеп чыккан. Атамбаевдин сыртта жүргөнүнөн пайдаланып Курманбек Зулушев буларды актап жиберген. Ташиевди  Ак үйдүн тосмосунан секирүүгө эмне мажбур кылган? Мунун обьективдүү жана субьективдүү себептери бар. Субьективдүү себептери мындай:

1. Жеке адамдык сапаты жагынан Атамбаев Ташиевден алыс болгон. Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп туруп Максим Бакиев менен тиреше кеткен. Эшикти катуу жаап, министрликтен кеткени менен Атамбаевдердин  кыймылына кошулган эмес.

2. 2010-жылдагы июнь айындагы Ош окуясы атка минер болбосо да Ташиевди тынч жаткызган эмес. Ал бул жерге барып, өзүнүн өмүрүн садага чаап, эки элди жараштыруу үчүн атылган окту аралап жүргөн. Анын мындай каармандыгы ошол кезде Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орунбасары, кийинки президент Атамбаев тарабынан бааланган эмес. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү 7-апрелде бийликти алмаштырганы үчүн “Манас” ордени менен сыйланышты. Ал эми ок кечип жүргөн Ташиев жакшы сөз да уккан жок.

3. Атамбаевге болгон жек көрүү сезимдери “Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Ташиевди оппозициялык фракция жетекчилери менен биригип Атамбаевди өкмөт башчысынан кетирүү планын иштеп чыгарган. Эгер Атамбаев ошондо өкмөт башынан кетсе президент боло алмак эмес.

4. 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Ташиев каршы чыгып  Атамбаевге куйрук улаш келген.

Эми обьективдүү себептерге келсек, ошол кезде жаңы президент болуп иштеп жаткан Атамбаевдин саясаты Ташиевге жаккан эмес. Ал кезде айтууга болбой турган көйгөйлөрдү Ташиев элге алып чыгып, ошондуктан зоболосу көтөрүлүп турган.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости