www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-июнда "Бешинчи канал" жаңылыктарынын кечки чыгарылышында "Азаттыктын" эки апта мурда жарыялаган "Кыргызстандан изи сууган миллиондор" деген иликтөөсүнө улай өз репортажын көрсөттү. Репортажды даярдаган журналист Элнура Алканова "Азаттыктын" иликтөөсүндө банктын дүмүрчөктөрү деп көрсөтүлгөн кагаздар дүмүрчөк эмес эле, акча которууга билдирме (заявка) болуп чыкканын айтат. Бул тууралуу Супер.кж маалымат агенттиги билдирди. 

Ошондой эле, репортажды даярдоонун жүрүшүндө банк дүмүрчөктөрүнүн чын же калпын аныктоо максатында атайын эксперимент жасап көрүшкөн. Анда "Азаттыктын" журналисти Али Токтакунов иликтөөсүндө көрсөткөн дүмүрчөктөрдө жазылуу Түркиядагы банкка барышып, ошол банктан Кыргыз өлкөсүнө акча которушкан. Акча которуу учурунда билдирме өз колу менен толтурулуп, транзакциянын аягында дүмүрчөк берилген.

Ал дүмүрчөк менен "Азаттык" өз иликтөөсүндө жарыялаган дүмүрчөктү салыштыра келгенде, Али Токтакунов көрсөткөн дүмүрчөктө бир топ грамматикалык жана орфографиялык каталар бар болуп чыккан. "Бул репортажда Кыргыз мамлекетинен которулган 700 миллион долларга кайсы бир чиновниктердин тиешеси бар болушу мүмкүнбү деген гана суроо болчу. Иликтөөдө жарыяланган документтер жасалма экенин далилденгенинен "Азаттыктын" коррупцияга каршы күрөшүүгө болгон таза ниетин кимдир бирөөлөр пайдаланып, ишенимдүү булактары жасалма документтерди сунганбы деген ой жаралат.

Кызыкчылыгы бар адамдардын артынан ээрчип кетпеш үчүн кыргыз журналистикасы дагы көп нерселерге үйрөнүп, колго тийген документтерди жарыялоо алдында жети өлчөп бир кесе турган учуру келди", - деп Элнура Алканова репортажды аяктады. Буга чейин "Азаттык" радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн деген иликтөө жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости