www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дастан” ишканасы да Орусияга өтүп кеткен, мындай колун майлап туура эмес иш кылганы үчүн Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов Кылмыш-Жаза кодексинин 171-беренеси боюнча ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу боюнча кылмыш иши козголгон. Деги эле Атамбаевдин убагында Бишкек мэрине жарыган жокпуз. Мурунку мэрлер Иса Өмүркулов, Кубаныч Кулматовдорго да кылмыш иши козголгон. СССР тараган соң жакшы завод -фабрикалар бүлүнүп, таланып тонолду, темир-тезектерин Албек Ибраимов сыяктуу таразачылар Кытайга сатып жок кылышты. Нечендеген олигархтар Кыргызстандын талап-тоногону үчүн байып жатып калышты. Ушундай оор кырдаалдарда Улукбек Ормонов сыяктуу так иштеген адамдар болгон, ал “Дастан” заводун бүлүнтпөй  сактап калды. Арашандык Албек Ибраимов айылдашы бийлик башына келер менен “Дастандан” көзү өтүп, ушул заводду көз ачып жумгуча жок кылды да, өзү Кыргызстандагы көпкөн олигархка айланып “Манас” аэропортун жетектеп, Бишкек шаарына мэр болуп май талканды жалады. Бирок, жер тилкесин жеке жактарга мыйзамсыз бергендиги үчүн Албек Ибраимовдун мэр кездеги  биринчи орун басары  Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановдор азабын тартып жатышат. Улукбек Ормонов сактап калган “Дастан” заводун кыргызга ыраа көрбөгөн Албек Ибраимовду “аппак” деп айтып жатса, мыйзамсыз соолуп солуктап кеткендер эске түшөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости