www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТЭЦти оңдоп-түзөөгө байланыштуу сот ишиндеги 90го чукул күбөнүн 20-30дайы суралып бүттү. Өлкө тарыхында бир иш боюнча эң көп жогорку кызматтагы адамдар камакка алынып, 386 миллион доллар ири насыянын айланасында сөз болуп жаткан иш 60 томго жакындайт.

Бул иш боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакта отурат. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.

Лидерлер мындан тышкары эки өлкөнүн энергетикалык жана экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Эки президент тең жолушууну күтүп жатканы айтылды. Буга чейин Владимир Зеленский Дональд Трамптын чакыруусу менен Вашингтонго бара турганын кабарланган. Бирок, так датасы айтылган эмес.

25-июль күнү Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу соттук териштирүү улантылды. Анда парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков, экономика министри Санжар Муканбетов, Улуттук банктын төрагасы Толкун Абдыгулов жана Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев күбө катары көрсөтмө беришти. Бул тууралуу айыпталып жаткан аткаминерлердин биринин жактоочусу Замир Жоошев маалымдады.

Адвокат күбөлөр айыпталып жаткандардын пайдасына көрсөтмө берди деп эсептейт.

«Баары эле айыпталып жаткандардын пайдасына сүйлөдү. Бирөө дагы «туура эмес» болгон деген көрсөтмө берген жок. Насыялык келишимди макулдашуу боюнча өкмөттөн буйрук чыккан, андан кийин токтом чыгарылган. Айыптоочулар токтом жиберилген учурда министрликтердин айткан пикири эске алынбай калган деп жатат. Бирок, бүгүнкү келгендер алар сунуш эле болчу дешти», - деди Замир Жоошев.

Сегиз айыпталуучунун баш-аягы 20га жакын жактоочусу бар. Мамлекеттик айыптоочу тараптан алты прокурор иштеп атат. Кылмыш иши быйыл 18-февралдан тарта сотто карала баштаган

  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости