www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Украинанын президенти Владимир Зеленский алгачкы жолу сүйлөшүштү. Трамп Зеленскийге телефон чалып, парламенттик шайлоонун жана “Эл кызматчысы” партиясынын жеңиши менен куттуктады.

Зеленский АКШнын Орусияга карата санкциялык басымдын сакталып жана күчөтүлүп жатканы үчүн Трампка ыраазычылык билдирди. Украинанын президенттинин басма сөз кызматы АКШ лидери Украинанын жаңы бийлиги өлкөнүн имиджин көтөрүп, башталган коррупциялык иштердин аягына чыгарына ишенерин маалымдады.

Лидерлер мындан тышкары эки өлкөнүн энергетикалык жана экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Эки президент тең жолушууну күтүп жатканы айтылды. Буга чейин Владимир Зеленский Дональд Трамптын чакыруусу менен Вашингтонго бара турганын кабарланган. Бирок, так датасы айтылган эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости