www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Акнет" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана мурунку президенти Кубан Ажимудиновго негизсиз айып тагылып, 3 жылдан бери иши бүтпөй жатат. Бул тууралуу профессор, Ысык-Көл университетинин экс-ректору, Кубан Ажимудиновдун атасы Токон Ажумидинов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--"1998-жылы менин уулум Кубан Орусиянын Новосибирск шаарындагы окуусун бүтүп келип, өзү менен иштеген жолдоштору Азүмүдүнов, Кутанов менен жоопкерчилиги чектелген коомду түзгөн. Мунун максаты, интернетти Кыргызстанга жайылтуу болгон. Ага менин уулум Кубан президент болгон. Иш алдыга жылып, бир нече убакыттан кийин алар кабелдик телевидениени кошушкан.

Эми мына ушундай пайдалуу, жакшы иш жасаган бала 3 жылдан бери камакта. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков аталган компанияны менчигине өткөрүп алгысы келген. Ал бардык методдорду колдонду. Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту дегендей болуп, ал оюу ишке ашпай президенттиктен түшүп калды.

Кийинки президент Садыр Жапаров келгенде аябай сүйүндүм эле. Ишиң жүрүп кетсин деп батамды да бергем. Садыр Нуркожоевич маалымат жыйын өткөргөндө бир журналист "Акнет" компаниясынын иши кандай болуп жатат деп сураптыр. Ал чындык кайсы тарапта болсо, ошол тарапка чечкиле деп тапшырма бердим деп жооп берген. Чечилет деп күтүп жүрөбүз. Бирок, эч кандай жыйынтык жок. Мына бизде тергөөчү, соттордун баары эле, акча алган кишиден эмне тапшырма түшсө, ошону аткарып калышыптыр. Эгер биздин коом ушул жол менен жүрүп отурса, биздин коом өлөт, мамлекет дагы өлөт. 

2020-жылы төңкөрүш болгондо уулум Кубанды үй камагына чыгарышат. Анан уулум инисин, карындашын ээрчитип алып, "Акнет" компаниясына барса, атайын протокол түзүшүп, уулумду компанияны басып алууга аракет кылды деп массалык маалымат каражаттарына жарыялап жиберишкен. Ошонун негизинде уулума дагы бир берене менен кылмыш иши козголуп, кайрадан камакка алынган.

Уулум көп жылдан бери кант диабети менен жабыркап келет. Андан тышкары жакында жүрөгүнө операция жасатты. Учурда уулум ооруканада жатат. Ден соолугуна байланыштуу Ленин райондук соту аны үй камагына чыгарган. Эми райондук соттун өкүмүн шаардык сот аркылуу жокко чыгаруу аракеттери көрүлүп, прокуратура менен МВД кызматкерлери ооруканага келип, аны коркутуп-үркүтүүдө", - дейт Токон Ажимудинов.

Эскерте кетсек, 2019-жылы "Акнет" компаниясынын президентине Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренеси менен (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана ысырап кылуу) кылмыш иши козголгон.

Маек толугу менен төмөнкү тасмада:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости