www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул районундагы Торкен айылында биринчи класстын окуучусун сабап кеткени боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ИИБинин маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

“Жабырлануучу баланын атасынын айтымында, баласы окуган мектептин эле 8-классынын окуучусу анын уулун сабаган. Окуя 15-ноябрда болгон. Кийин жабырлануучу окуучуну Бишкек шаардык ооруканасына алып келишип, Бишкектин Октябрь райондук ИИБине баланын сабалганы тууралуу арыз жазышкан”, -дейт Жээнтаев. 

Арыз катталгандан кийин, материалдар окуя болгон жер боюнча Токтогул райондук ИИБине жиберилген. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Эске салсак, кечээ жакында эле Токтогул районунун Торкен айылынын тургуну 1-кластагы баламды 8-класстын окуучусу акча бербей койгондугу үчүн катуу сабап салды деп жергиликтүү басылмалардын бирине айтып берген. 

Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости