www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө жетекчилери мамлекеттин кызыкчылыгын качан ойлошот? Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Кытай жараны Саймаити кыргыз паспорту менен жүргөнү ачыкка чыкты. Ага паспорт Сузакта берилгени дайын болду. Кыргыз паспортун азыр кимдер гана көтөрүп жүргөн жок? Кудайдан жоө качкан эл аралык жан кечти террористтерден, кылмыш дүйнөсүнүн лөгүнөн да чыгат. Туалет кагазы болуп калды. Ар ким колдоно берген. Бул жагдай биздин улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көрүнүш. Мамлекет маанилүү документтерди Кыргызстандын өзүнөн басууга кызыкдар болбосо, буга окшогон терс көрүнүш токтобойт. Бул көйгөйдү чечип берели деп.

Германиянын КБА-Нотас аттуу мамлекеттик документтерди, балуу кагаздарды, акциздик марка, улуттук банкноттук фабрикаларды курган, заманбап жабдуу менен камсыз кылган дүйнөдөгү эң алдыңкы ишкана Кыргызстан менен кызматташууну сунуштап, 10 жылдан бери долбоорду ишке ашыруу багытында болгон талап-шарттарды аткарып, «мамлекеттик «Учкун» типографиясынын базасында өзүңөрдүн паспорт баш болгон маанилүү документтериңдерди, банкнотторуңарды, акциздик маркадан баштап, бардык баалуу кагаздарыңарды өзүңөр басып чыгара турган фабрика куруп берели» - деп жүрүшөт.

Тилекке каршы, коррупциялык схемадан айрылгылары келбеген биздин мамлекет жетекчилери бүгүнкү күнгө чейин маани бербей улам артка сүрүп, мамлекеттин кызыкчылыгын тебелеп келишет. Аталган компаниянын жетекчилиги бул боюнча президент Сооронбай Жээнбековго да, өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге да бир нече жолу кат менен кайрылышкан. Жооп жок. Мамлекетти ойлогон адамдар мындай көңүл кош, кайдыгерликке бармак эмес.

Чынын айтыш керек, Кыргызстан өз алдынча өлкө катары бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик документтерди даярдай албай келет. Ал түгүл акциздик марка, улуттук акча банкнотторду да баса албай жалдырап отурат. Албетте, себеби түшүнүктүү. Миллиондогон акчага үлүшкө отурган коррупциялык схеманы иштеткен бир ууч топтун кызыкчылыгы бүтүндөй мамлекеттин мүдөөсүнөн жогору туруп жатат. Болбосо кыргыз бийлиги эмне үчүн мамлекеттик маанилүү документтерди өзү басууга кызыкдар эмес? Мына паспорт, акча Кенияда басылат. Өзүбүз баса албайбыз. Африка өлкөсүндө басылат деген эмне деген шумдук? Жыл сайын эң кирешелүү 500 миллиондук акциздик марка Латвияда, почта маркасы Белоруссияда басылат. Анан кайсы арыбызга мамлекет аталабыз?

Булак: "Фабула"

 

Последние новости