www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Атайын” деп аталган ооруканабыз бар. Жалпылап эле «спецбольница» деп атап келебиз. Ушул оорукананын Баитова Гульмира деген директору бар. Бул кызматка кадимки «экс-леди» Раиса Атамбаеванын аркасы менен келгенин айтышат. Экөө «бадружке» имиш. Алар азыр кызматта жок болсо дагы, кошоматтыктын аркасы менен креслосун сактап келди. Кошоматчылыкты жогорку деңгээлде өздөштүргөн окшобойбу, бүгүнкү күнгө чейин бир орундан былк этпей иш алып барууда. Мейли иштесин, иштегенине ич күйдүлүгүбүз жок.

Бирок, маселе анын кандай иштеп жатканында болуп жатат. Айтсак, аталган ооруканага Гульмира Мусаевна келгенине 2-3 жыл өтсө дагы, ал жерден кыпындай жылышты көрө алган жокпуз. Ооруканын ичинде бюрократияны жогорку деңгээлде орнотконун моюнуна алабы? Карапайым адамдарга башкача, чоңдорго башкача мамиле кылганын кандай түшүнөбүз? Атайын оорукананын чарба иштеринде да каржылык мүчүлүштүктөрдү жаап-жашырып келгени жалганбы? Андай эмес десе айтсын! Угалы. Ага да гезит бетинен орун берели. Айтор, суроолор көп, жообу жок.

Булак: “Dе-факто”

Последние новости