www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айеркен Саймаитини өлтүргөн учур камерага түшүп калган. Ал кадр Саймаити отурган мейманкананын кафесинин камерасына тартылып калган. Бул тууралуу маалыматты NazarNews.kg агенттигине түркиялык кабарчылар билдирди. 

Айеркен Саймаитиге кол салган кылмыш боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө полиция мейманкананын камераларын да текшерген. Ошол камерага тартылган кадрлардан Саймаитини өлтүргөндөр ал мейманканага бир нече жолу келип аңдуу жүргүзүшкөнү тартылган. Мындан сырткары кадрлардан мейманкананын алдындагы столдо үч адамдын отурганын, бир убакта бир адам кирип келип Саймаитини тапанча менен атып, анан ошол замат качып кеткенин көрүүгө болот.

Эске салсак, 11-ноябрь күнү Айэркен Саймаити аттуу жаран кытайлык ишкер Түркияда киши колдуу болуп каза тапкан. Аны өлтүрүүгө шектелип түрк полициясы тарабынан 4 киши кармалган. Өлүмү Кыргызстанда өтө чоң талкуу жараткан Саймаити 2016-жылдан тарта алдамчылык жана ири кылмыштар боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн эле. Айрымдар бул окуяны ар өңүткө бурууга аракет кылып жатышат. Мисалга, кээ бирлери бул ишкерди, анын өлтүрүлүшүн Матраимовдорго байлоого аракет кылып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости