www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул районунун Торкент айылындагы маданият үйү өрттөнүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, тилсиз жоо 11-декабрдан 12-декабрга караган түнү чыккан. Анын кесепетинен болжол менен маданият үйүнүн 455 чарчы метр аянты күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылган. 1948-жылы курулган маданият үйүнүн бир бөлмөсү китепкана катары колдонулган. Анын ичиндеги 11 700 даана китеп жана мүлк толугу менен өрттөнүп кеткен.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токтогул райондук өрткө каршы күрөшүү жана куткаруу бөлүгү өрттүн себебин жана зыянын тактап жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости