www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз — Чыңгыз» деген түшүнүктөр ар бир адамдын, инсандын жүрөгүндөгү ыйык түшүнүк. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында билдирди.

Мамлекет башчысы билдиргендей, ар бир элдин өзгөчө инсандары болот. Андай инсандар улут, өлкө, мамлекет деген ыйык түшүнүктөр менен бирдей каралат.

Алардын ысмы улуттун аң-сезиминде, дүйнө таанымында жашап калат. Улут менен инсан ажырагыс түшүнүктөй бааланат. Мындай инсандардын ысымы муундан муунга айтылып, урпактардын эсинде кала берет.

«Кыргыз — Чыңгыз» деген түшүнүктөр ар бир адамдын, инсандын жүрөгүндөгү ыйык түшүнүк.

«Кыргыз — Манас — Чыңгыз» деген түшүнүктөрдү бөлүп кароого болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости