www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда томолой жетим балдар жер тилкелерине ээ болушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүндө жашаган томолой жетим балдар Т.у.Э. менен Б.М.нын ар бирине турак жай куруу үчүн 0,15 га жер берилди.
«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, томолой жетимдер жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар кезексиз түрдө турак жай же жер тилкелери менен камсыз болууга тийиш.
Турак жайы жок өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо максатында Тоң райондук прокуратурасы тарабынан Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына прокурордук акт киргизилген.
Анын жыйынтыгы менен 23-мартта Көл-Төр айыл өкмөтүнүн чечими менен жогорудагы өспүрүм балдарга жер тилкелери бөлүнүп берилген жана жерге ээлик кылуу укугун күбөлөндүргөн мамлекеттик актылар чыгарылган», - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg