www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бугүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Төрөбай Зулпукаров шайлоо жакындап калганда "Шайлоо кодекстерине" өзгөртүүнү тыюу салышыбыз керек деген сунушун айтты.

"Ар бир саясатчы өзүнө ыңгайлуу кылып сүйлөгөндөй, саясат оюн эмес да. Ошондуктан, фракциялар башка партиялардын дагы, парламентке келем деген ойун эске алышы керек. Шайлоого бир жыл калганда, ушул "Шайлоо кодекстерине" өзгөртүүнү таптакыр тыюу салышыбыз керек. Биз өзүбүзгө эле ыңгайлуу кылып карай бере турган болсок, адилеттүүлүк кылган болбойбуз.Ойлогон оюбуз, сүйлөгөн сөзүбүз менен жазаган ишибиз окшосун", - деп баса белгиледи Зулпукаров.

Ал эми жыйында депутат Элвира Сурабалдиева Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова суроо берди: "Жергиликтүү Кеңештин шайлоосу эмне болуп жатат? Мөөнөтү канчага чейин жылды?", - деди дупутат

Суроого Нуржан Шайлдабекова: "Өлкөдө Өзгөчө абалга байланыштуу шайлоо жылдырылган. Мөөнөтү белгисиз, абалга жараша өз убагында маалыматты тактап беребиз", - деп жооп берди.

Булак: NazarNews.org

 

Последние новости