www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө Кыргызстандан товар экспорттоодо бири-бирин кайталаган ветеринардык жана фитосанитардык текшерүүлөргө тыюу салынды. Бул кыргыз өкмөтүнүн ЕАЭБ алкагында эркин товар экспорттоого шарт түзүүгө багытталган иш-чарасынын алкагында ишке ашты. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.
Ага ылайык, мурда сыртка экспорттолуучу товарларга ветеринардык жана фитосанитардык текшерүүдөн өткөнү тууралуу маалымкат талап кылынчу.
«Бири-бирин кайталаган текшерүүлөрдөн өтүү көп убакытты талап кылып, бул ишкерлерге ыңгайсыздык жаратчу. Ошондуктан, аны алып салуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул чечим Кыргызстандан ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө товар экспорттоодогу машакаттарды жеңилдетет», деп жазылган өкмөттүн сайтында.
Ошол эле учурда чек ара, бажы, унаа жана радиациялык текшерүүлөр улантылат.
ЕАЭБдин алкагында товар экспорттоодо ветеринардык жана фитосанитардык текшерүүгө тыюу салуу тууралуу токтомго премьер-министр Улукбек Марипов 27-февралда кол койгон. Токтом жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргызстан ЕАЭБге 2014-жылдан бери мүчө. Кийинки жылдары ЕАЭБдеги мүчөлүгү Кыргызстанга пайда алып келбей жатканын айткан пикирлер парламентте козголуп, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg