www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Твиттер баракчасынан Иранга байланыштуу чыңалууну күчөтө турчу сөздөрдү айтты. Бул тууралуу TRT сайты жазып чыкты.

Трамп Твиттер баракчасынан Иранга байланыштуу чыңалууну күчөтө турчу сөздөрдү айтты.

Дональд Трамп билдирүүсүндө: «Эгерде Иран согушукусу келсе, бул Ирандын акыры болот. Эч качан АКШны дагы бир жолу коркутпа!»,-деген сөздөргө орун берди.

Трамп башкаруучулугу, 2015-жылы кол коюлган атомдук келишимден 2018-жылдын 8-майында чыкканын билдирген болчу.

Андан кийин Тегеран башкаруучулугунун мунай зат экспортун бутага алган АКШ, өткөн айда да Ирандын Төңкөрүшчүл гвардия армиясын «чет өлкөлүк террордук уюмдар» тизмесине киргизген болчу.

Ирандын президенти Хасан Рухани да АКШнын санкцияларына каршы 8-майда өлкөсүнүн атомдук иштеринин бир бөлүгүн кайрадан ишке ашыра баштаганын жана келишимге кол койгон өлкөлөргө Ирандын кызыкчылыктарын коргой турчу чараларды көрүүсү үчүн 60 күндүк мөөнөт бергендерин маалымдаган эле.

АКШ бир канча күн мурда Ирандан келе турчу коркунучтарга каршы чара көрүү максатында «USS Abraham Lincoln» учак конуучу кемеси менен 4 даана В-52 бомбардир учактарынан турган кызмат күчүн Перс булуңуна жиберген болчу.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости