www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-майда Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) көчмө жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Тажикстан Республикасынын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Шукуржон Зухуров жолугушту.

Жолугушууда эки коңшу өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштары талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтык маселеси көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргызстан Тажикстан менен болгон алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Эки элди кылымдарды карыткан коңшулук мамиле, тарыхый байланыштар жакындатып турат. Андыктан, калыптанган алакаларды ар тараптуу кызматташтыктын алкагында улантуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири. Айрыкча, парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө үчүн ушул сыяктуу эки тараптуу жолугушууларды байма-бай өткөрүү учур талабы. Анын ичинен депутаттык достук топторунун деңгээлинде кызматташтыкты кеңейтүү өзгөчө мааниге ээ”, – деди.

Муну менен катар жолугушууда чек ара жана коопсуздук маселеси да көтөрүлүп, тараптар ачык сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечүү зарылчылыгына токтолушту.

Алсак, Төрага Дастанбек Жумабеков эки өлкө ортосунда чек ара маселеси курч экенин айтып, жагдайды чечүүгө жана тиешелүү келишимге жетишүүгө эки тарап тең кызыкдар болушу керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, мамлекеттер аралык байланыштарды аймактар аралык кызматташтык менен да улантуу демилгеси көтөрүлүп, Дастанбек Жумабеков: “Чек ара аймактарында ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүү аркылуу эки элдин достугун бекемдөөбүз кажет”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Тажикстан Республикасынын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Шукуржон Зухуров ЖККУ ПА Кеңешинин көчмө жыйынына чакыргандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип: “Иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Буйруса, жыйында кабыл алынган чечимдер уюмга мүчө мамлекеттердин жаркын келечеги үчүн кызмат кылат деген ишеничтебиз”, – деди.

Ошондой эле эки өлкөнүн алакасына токтолгон Төрага Шукуржон Зухуров: “Манас менен Каныкей данакер болгон эки элдин тарыхый жакындык байланыштарын кеңейтүү баарыбыздын милдетибиз. Биздин кызматташтык эч кандай тоскоолдуксуз достук мамиледе өнүгүшү зарыл”, – деп билдирди.

Муну менен катар чек ара маселесине да басым жасаган Тажикстан Республикасынын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы бул жааттагы сүйлөшүүлөрдү токтотпой улантуу керектигин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Шукуржон Зухуров Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековду Тажикстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Последние новости