www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда абактагы 4 миңден ашык адамга мунапыс берилиши мүмкүн. Мындай маалымат 30-январдагы Жогорку Кеңештин сессиясында мунапыс тууралуу мыйзам долбоору талкууланган учурда айтылды.

Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Исхак Масалиев беш жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жете электерди, 60 жаштан улуу эркектерди, 55 жаштан өткөн аялдарды, I жана II топтогу майыптарды, эки же андан ашык балдары барларды же майып балалууларды, үй-бүлөдө жалгыз камсыздоочу болгондорду, анча чоң эмес жана оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасагандарды жазадан бошотууну сунуш кылууда.

Маалыматка караганда, долбоор колдоо тапса мунапыс бериле тургандардын 285и түрмөдөн бошоп, калгандарынын жаза мөөнөттөрү кыскартылат. Документ добуш берүүгө жиберилди.

Ал “Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 70 жылдыгына жана 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгына карата ” иштелип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости