www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалгыз көздүү аялдын айтканы

Адам баласы эмне болгон күндө да кооздукка анан сулуулукка арбалып, жашоодон канча ката кетиришет. Айтылган кеп бар эмеспи “кыдыр алеки самал, дубананын кейпин кийип келет” деген. Ансыңары, келген кутту билбей кетирип жиберген учурлар көп кездешет.

Эмесе сөз башынан болсун.

Насипа эже жаш кезде көргөн окуясын айтып олтурду.

Ал кезде мен жаңы гана он сегиз жашка чыгып, азыркы ЦУМ жаңы бүтүп, үчүнчү этажында иштеп калдым. Тактап айтканда 1978-жылы болучу. Ошол кезде шаарда жашагандар көрүп калышты, жалгыз көздүү аялды. Ал аялдын көзү бири-бирине ушунчалык жакын болгон үчүн, көзгө жалгыз көздүү болуп көрүнчү. Оурс улутундагы, орто жаштан түп калган, кийген кийими кир, бирокичкилик иччү эмес. Ал биз иштеген жерге келлип дайыма мага майда тыйындарын кесекке алмаштырып кетчү. Ооба, бир тыйындык, үч тыйындык, анан беш тыйындыкдыктар сары түстө эмес беле.

Ал эми он тыйындыктар, жыйыырма тыйындыктар күмүш түстө болгон үчүн аларды аз санда алып келчү. Чыныда ал аял кайыр сурап жан бакчу болуш керек, анткени эки күндө бирден мага келип тыйындарын алмашып кетип турчу. Бир күнү мен ише чыкпай калсам, аын алып келген тыйындарын кыздар алмашпай коюшуптур. Качан мен ишке чыкканда тыйындары алып келип, мага даттанды. “сени мене иштешкен кыздар начарк ыздар. Ал да бир кеде карып, жашоонун кыйынчылыгын көрүшөт. Эч ким жаш бойдон турбайт, ар буюм жаңы бойдон калбайт. Айтайын дегеним, сенин келечегиң жакшы болот. Жакында турмушка чыгасың. Турмушуң жакшы болуп, жашооңдо кыйналбайсың” деп айтты.

Кийин ал аял эмне болуп жок болуп кетти билбейм же Россияга кетип калдыбы, көп өтпөй эле келбей калды. Анан мен ал аял аткандай жакшы балага турмушка чыктым, мени ала качып кеткен. Жашоом дагы жакшы. Көрсө тиги аял жөн аял эмес экенин кийин байкап калдым, айткандары туура келгенинен. Бизде иштеген бир кыз да айтат баягы жалгыз көздүү аял Айгүлгө айттытыр, “Аз күндө сенин жашооңдо өзгөрүү болот”деп. Анан ал айткандай эле айылдаш баласы алакачып кетип, шаардан айылга барып жашап калбадыбы. Кап, мындайын билгенде аны ыраазы кылып батасын алып калбайт белек - деп. Ооба, балким чын эле алиги көзгө башкача көрүнгөн жалгыз көздүү аялдын балким касиети бар чыгар. Болбосо ал кантип алдыны көрүп айткан. Айтайын дегенибиз, карапйым элдин батасын да ала жүргөн сооп иш экенин гана эсиңиздерге салалы –дедик.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости