www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачыгын айтканда Эльвира айым кээ бир мажирөө эркек тааналарга караганда эрдик кылганына эч ким баа бербей келет. Кыз бала болуп туруп, атасынын жолун жолдоп, эл кызматында жүргөнү эле бул түшүнгөн кишиге чоң эрдик. Кээ бир балдар атасындай болуп депутат болгонду койдум, атакелери түптөп кеткен бизнести алып кете албагандар четтен чыгат.

Айта турган сөзүбүз такыр башка.

Жыргалбек мырзаны атып кетип, али жетилиги бериле электе кадимки премьерликке  талапкерлигин коюп жаткан Темир Сариев депутаттык мандатын бетке кармап, Эльвира айымды өзүнө чакырып алып жаңы каза болгон атасынын бизнесине көз артып  “мага бересиң” деп коркутканы элге дүң эле болду. Атасынан ажырап, кан жутуп турган үй-бүлөөгө жардам бергендин ордуна кайра опузалаганы албетте тура эмес жорук.

Айтылат го “жетим менен жесирге жардам берген сооп” деп. Ал эми Темир мырзанын кылган кылыгы албетте жигиттикке жатпайт. Анткен менен алгачкылардан болуп даяр бизнести  тартып алганга аракет кылганы майнап бербеген соң, ичинен сызып калган чыгар. Айткандай “өткөн ишке салават” деп койчу беле, эмне болгон күндө да алдыга карай аракет кылалычы. Балким премьер болуп калса, Темир мырза кетирген ката иштерин кайталабас чыгар.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

< Предыдущий

Последние новости