www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэланы ким колдоодо?

АКШ, Канада, Колумбия, Перу, Эквадор, Парагвай, Бразилия, Чили, Панама, Аргентина, Коста-Рика, Гватемала бийлиги Венесуэланын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Хуана Гуайдону убактылуу президент деп таанышты. Мексика, Боливия, Куба, Кытай, Түркия жана Россия Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадурону колдошууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп Улуттук Ассамблеянын төрагасы Хуана Гуайдону Венесуэланын “утурумдук президенти” деп тааныгандыгын жарыя кылды.

Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадуро менен телефон аркылуу сүйлөшүп, “Бир тууганым Мадуро! Багынба, Түркия сени менен!” – деген жалындуу каалоосун билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова: «Венесуэладагы окуялар бир мамлекеттин ички иштерине кийлигишип, эгемендүүлүгүнө шек келтирүү болуп саналат. Бийликти өзү каалагандай алмаштырууга ашынган батыш коомчулугунун Эл аралык укуктарга кандай мамиле жасагандыгы ачык көрүндү.»

Кытай Элдик Республикасынны Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин «Кытай Венесуэланын ички иштерине кийлигишүүсүнө каршы турат.» -деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости