www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылдын 7-октябрынан бери уланып жаткан Израил менен ХАМАС ортосундагы жаңжал Газа тилкесин жана бүтүндөй аймакты тынчыбаган отко айландырды. Бул аралыкта миңдеген адамдар мерт кетип, он миңдеген жарадар болгонуна карабастан, согуштук аракеттер уланууда. Бирок соңку күндөрү бир катар дипломатиялык аракеттер жаңы үмүттөрдү жаратты. АКШнын президенти Дональд Трамптын Израилдин Батыш жээкти аннексиялоо аракеттерине каршы позициясы эл аралык коомчулукта талкуу жаратып, аймактагы саясий динамикага олуттуу таасир этүүдө.
АКШ президенти Дональд Трамп 25-сентябрда Израил жана бир катар араб өлкөлөрүнүн лидерлери менен Газа маселесине арналган бир нече маанилүү жолугушууларды өткөрдү. Анда Трамп Израилге Батыш жээкти аннексиялоого уруксат бербей турганын ачык билдирди. Трамп мындай чечкиндүү позициясы АКШ администрациясынын Израилге карата мурдагыдай жан тартуу мамилесинен бир топ айырмаланат. Бул, балким, Трамптын тынчтык орнотуу амбициясы же болбосо аймактагы кырдаалдын өтө кооптуу абалга жеткени менен байланыштуу.
Сауд Арабиянын тышкы иштер министри ханзада Файсал бин Фархан жолугушууларда Израил тарап аннексияны ишке ашырса, анын артында олуттуу кесепеттер болорун Трампка так билдиришкенин айтты. Бул позицияны Сауд Арабия гана эмес, Бириккен Араб Эмирлиги, Египет, Иордания, Түркия, Катар, Индонезия жана Пакистан да колдошкон.
Бул өлкөлөрдүн жалпы маанайы, Израилдин аннексия аракети аймактагы согушту токтотууга тоскоол болот жана “эки элге эки мамлекет” принцибин көздөгөн тынчтык мүмкүнчүлүгүн биротоло жокко чыгарат.
Израилдин азыркы өкмөтүндө ашынган улутчул жана динчил топтор үстөмдүк кылууда. Алар Батыш жээктеги палестин жерлерине жөөт конуштарын курууну мындан ары да улантууну жактап, “эки мамлекет” идеясына каршы болушууда. Айрым саясатчылар палестиналыктарды өз жеринен сүрүп чыгаруу сыяктуу сунуштарды да ачык айтып жатышат.
Учурда Батыш жээкте 130га жакын жөөт конуштары бар. Бул конуштарда жарым миллиондон ашуун киши жашайт жана эл аралык коомчулук аларды мыйзамсыз деп эсептейт.
Согуштун эң оор таасири Газа тилкесине тийүүдө. Эл аралык коомчулуктун тынчын алган эң чоң маселе – гуманитардык кризис. 26-сентябрда Газадагы маанилүү медициналык борборлордун бири бомбаланганы маалым болду. Оорукананын күнүнө 700-1000 бейтапты тейлээрин эске алганда, бул – жай турмуш үчүн дагы бир сокку.
Согуштун кесепетинен 65 миңден ашуун адам каза болуп, 167 миңден көп жарадар болгону кабарланды. Бул сандар согуштун масштабы менен гуманитардык кырдаалдын канчалык оор экенин тастыктайт.
БУУнун Башкы ассамблеясы сентябрь айында тынчтык орнотуу үчүн “эки элге эки мамлекет” принцибине негизделген резолюция кабыл алды. Палестина президенти Махмуд Аббас бул пландарды АКШ, Сауд Арабия жана Франция менен бирге ишке ашырууга үмүттөнөрүн билдирүүдө. Бирок Израилдеги саясий реалдуулук жана аймактагы радикал күчтөрдүн таасири бул үмүттөрдү тез орундатууга жол бербей турат.
Трамптын Израилге карата аннексияны токтотуу ниети аймакта дипломатиялык секирик жасагандай сезилиши мүмкүн. Бирок бул ниеттер Газадагы чыныгы гуманитардык кризисти токтото алабы – бул чоң суроо бойдон калууда.
Израилдин агрессиясы, палестин бийлигинин алсыздыгы жана эл аралык коомчулуктун натыйжасыз аракети ортосунда эң көп жабыркаган тарап – палестин эли болуп калууда.