www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаранга күч колдонуу менен кол салганга шектелип “Нейтрал” жаштар тобунун мүчөлөрү кармалды.
УКМКнын маалыматы боюнча, 9-январда «Нейтрал» аталышындагы жаштар тобунун айрым мүчөлөрү тарабынан А.Б.А. аттуу жаранга кол салуу болгон. Кол салуунун жыйынтыгында А.Б.А. бир топ жаракаттары, бычактан алган жараатарынан улам Ош облустук ооруканасына жаткырылып, ага бир нече операция жасалган.
«Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2001-жылы туулган Т.Т.Н., 2002-жылы туулган И.Э.И. кармалып, камакка алынган. Азыркы учурда тергөө иштери улантылып, бул окуянын калган катышуучуларынын жүргөн жерлери такталууда. Муну менен катар коопсуздук органы тарабынан Ош шаарынын аймагында, өз ара уюшулган жаштар топторунун арасында алектенгендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын алкагында Х.Н. У., Т.А.Т. жана Т.Т.Т. аттуу жарандар аныкталып аларга карата алдын алуу иштери жүргүзүлдү», — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, жаштар топторунун өкүлдөрүнүн башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бардыгы, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан аларды «калкалоо» фактыларын аныктоо жана андай көрүнуштөргө бөгөт коюу боюнча атайын багыттагы иштер жүргүзүлүүдө.