www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак Үй эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) тарабынан жасалган эң «акылга сыйбас» чыгымдардын тизмесин жарыялады. Учурда бул агенттик кайра уюштурулуп, чет өлкөлөргө бөлүнгөн жардамдарды кайра кароодон өткөрүп жатат. Тизмеге террористтик уюмдарды каржылоого байланыштуу учурлар да кирген.
Алардын арасында «генералдык инспектор тергөө иштерин баштаганына карабастан терроризмге байланышкан коммерциялык эмес уюмга жүз миңдеген доллардын бөлүнүшү» жана АКШ менен Россияда тыюу салынган «Аль-Каида»* террордук уюму менен байланышкан сириялык жоочуларды азык-түлүк менен камсыздоо камтылган.
Ошондой эле, АКШнын жаңы администрациясы чет өлкөлөрдөгү трансгендер укуктарын колдогон долбоорлорго каражат бөлүнгөнүнө нааразы. Мисал катары Колумбияда «трансгендердик опера» үчүн 47 миң доллар жана Перуда «трансгендердик комикстер» үчүн 32 миң доллар сарпталганы айтылган.
Жаңы бийликтин билдирүүсүнө ылайык, америкалык салык төлөөчүлөрдүн жүз миллиондогон долларлары Афганистанда сугат каналдарын курууга жана жер семирткичтерди сатып алууга жумшалган, бул акыры героин өндүрүшүндө колдонулган. Мындан тышкары, агенттик Ирландияда «ар түрдүүлүк, теңдик жана инклюзия» (DEI) саясатын жайылткан мюзикл үчүн 70 миң доллар бөлгөнү белгиленген.