www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинен 200 миң доллар уурдалганы белгилүү болду. Бул акча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев пара менен колго түшкөндө алынган акча экени айтылууда. Айрым маалымат каражаттары бул ишке депутат Канат Исаевдин күйөө баласы Бакай Ишенгулов шектелип жатканын жаза башташты. Ишенгулов акча уурдалганга чейин УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгында иштегени дайын, - деп жазып чыкты "Майдан.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында.

ММКларда жарыяланган маалыматтарды топтосок, депутаттын күйөө баласы тергөө башчысынын кабинетинен акчаны алып чыккан, бул иш жекшемби күнү - УКМКнын башкы имаратында кызматкерлер жок учурда болгон. Анткен менен имараттын ичине да сыртына да коюлган видеокамералар тууралуу сөз болгон эмес. Ишенгулов кылган иш болсо видеокөзөмөлгө түшүшү керек эле, бирок тийиштүү кызматтар видео тууралуу эч нерсе дешкен эмес.

Анткен менен депутаттын күйөө баласы акча уурдалгандан кийин эле "Лексус 570" автоунаасына ээ болуп калганы да айтылып жатат. Кийинчерээк Канат Исаев да УКМК тарапка барганы, аны көргөндөр болгону белгиленген. Депутаттын коопсуздук кызматына болгон сапарын күйөө баласы катышкан ишти жайгарып, акчаны кайтарып берүү аракетин көрүү катары сыпатташты. Акча уурдалгандан кийин Ишенгулов иштен арызын жазып кетип калган. Маалымат каражаттары Канат Исаевдин кызы, Бакай Ишенгуловдун жубайы Бермет Исаев менен байланышкан.

Бирок ал мындай маалыматты укпаганын айтып, пикир билдирүүдөн караманча баш тарткан. Уу-дуу болгонуна карабай бул маалыматты УКМК төгүнгө чыгарып же тастыктай элек. Канат Исаев тарап да тынч. Мыйзам боюнча пара менен кармалган тараптан алынган акча тергөөчүдө сакталбайт, ал сотко далил буюм катары өткөрүлөт. Ал эми жогоруда кеп болуп жаткан 200 миң доллар өткөрүлгөн эмес. Улан Чалбаев өткөн жылдын 16-апрелинде кармалган. Ошол убакта Чалбаев мурдагы депутат Карганбек Самаковдун жаза мөөнөтүн азайтуу үчүн аракет кылууга 500 миң доллар сураганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости