www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын (ФРГ) экс-президенти Рихард фон Вайцзеккердин уулу Фриц фон Вайцзеккер клиникада лекция окуп жаткан учурда аны бычактап өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя 19-ноябрь күнү, саат 18:50 чамасында болгон. 59 жаштагы Фриц фон Вайцзеккер өзү иштеген Берлиндеги “Schlosspark-Klinik” жеке клиникасында “боордун көйгөйлөрү” деген темада лекция окуп жаткан. Ошол учурда кылмышкер кирип келип, экс-президенттин уулуна бычак сайган. Лекцияда катышып жаткандардын бири жардам бергенге аракет кылганда, кылмышкер аны да бычак менен жарадар кылган . Азыркы учурда ал кишин алган жаракатты оор болгондуктан, дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды. Ал эми кылмышкер клиниканын аймагынан эле кармалган. Ал бул кадамга эмне үчүн барганы азырынча айтыла элек.
Булак: NazarNews.kg