www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги  патриот, мекенчил иштердин сап башында турган Уран Рыскулов менен айрым саясий жагдайлар боюнча баарлаштык.

-Уран мырза, экс-президенттин кол тийбестигинен ажыратуу мыйзам долбоору парламентте колдоо тапты. Ал мыйзам ишке кирсе, мындан ары  кызматтан кеткен президенттерди куугунтуктоо, өч алуу максатында кызмат кылып калбайбы?

-Бүткүл өнүккөн мамлекеттерде кол тийбестик деген жок. Коррупциянын башы ошол кол тийбестикке катылып жатат. Конституцияга ылайык баардык атуулдардын укугу бирдей деп жазып коюшуп, кайра конституцияга карама каршы келген мыйзамды өздөрүнө ылайыкташтырып чыгарып алышкан.

Азыркы Президенттерде жоопкерчилик жок. Кылган иштерине дагы кылбаган иштерине дагы жооп беришпейт. Президенттикке бара жаткандар ошол орунду кудайдын белеги катары көрүшөт. Ошон үчүн баары бул кызматка жүткүнүшөт. Эмнеси болсо да президент болуп алайын деп жанталашат. Эгерде ал кызмат орду жоопкерчилик экенин түшүнүшсө, башымды сайдым, демек саясий куугунтукка дагы туш болуп калышым мүмкүн дегендер келмек. Саясат бокс оюнундай каршылашың сени урдубу, ыйлабашың керек. Эгер ыйлай турган болсоң бокс ойнобо.

-Транспорт министри Жамшитбек Калилов  президент уяткарганча эле кызматынан чегинсе болбойт беле же бизде моралдык жоопкерчилик деген жокко эсеби?

-Өзүн, кызмат ордун сыйлаган мамлекеттерде мындай иш болгондо дароо эле отставкага кетишмек. А бизде болсо жарым миллион доллар алууга камынып жатып колго түшсө деле беттери чымырабай отурушат.

-Атамбаев Бабановдун колдоосуна муктаж болуп калдыбы?

-Атамбаевдин бүгүнкү абалы  жараланган жырткычтын абалындай болуп калды. Ошон үчүн колдоону туш тараптан күтүп жатат. Шайтан менен болсо дагы достошконго макул болуп турат. Ошон үчүн кечээ эле каралап, кылмыш иш козготкон кишисин мактоого аргасыз болуп жатат. Бирок, алардан ал күткөндөй колдоо болоор, болбосун кудай билет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости